2025-12-09
Кыргыз –Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмү университеттин ички текшерүү иштеринин алкагында билим берүү программаларын жаңылоо жана сапатын жогорулатуу максатында кызыкдар тараптардын пикирлерин алуу үчүн 2025-жылдын 9-декабрында кеңешме жыйынын өткөрдү. Жыйынга кызыкдар тараптар катары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация факультетинин деканы, доктор Ширин Костюк, Улуттук радио жана телеберүү корпорациясынын башкы директорунун иш башкаруучусу, доктор Чынара Капарова жана Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун мүчөсү Акчол Бекболотов катышты. Жолугушууда бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгы, тармактын күтүүлөрү жана академиялык коомчулуктун болжол-пикирлеринин негизинде бөлүмдүн окуу программасына байланыштуу баалоолор жүргүзүлдү.
Жыйында кызыкдар тараптар өкүлдөрү жаңы медиа жана санариптик өндүрүш көндүмдөрүн күчөтүү, тармак менен кызматташууну көбөйтүү жана студенттер үчүн практика мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча сунуштарын билдиришти. Талкуу учурунда жазылып алынган эскертмелер билим берүү программасын жаңылоодо жана окуу жыйынтыктарын кайрадан түзүмдөштүрүүдө эске алына турганы белгиленди.