2025-жылдын 11-апрелинде Кыргыз-Түрк Манас университетинин Теология факультетинин илимий кызматкери Шохимардан Орунбековго доц. др. Наил Карагөз тарабынан даярдалган “Матуридинин Те'вилату'л- Куранында адам” аттуу докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Абу Мансур аль-Матуридинин эң маанилүү эмгектеринин бири болгон «Тавилатул Куран» классикалык тафсир адабиятында гана эмес, түрк-ислам пикири жагынан да өзгөчө орунду ээлейт. Матуридийдин бул эмгеги Куран аяттарын акыл-эстүү жана терең түшүндүрүүлөрү менен көңүлдөрдү бурса, өзгөчө Орто Азия географиясында ислам дининин теологиялык өлчөмүн калыптандырууда негизги булактардын бири болуп калды. Матуридинин мамилеси түрк дүйнөсүндөгү диний пикирдин системалуу курулушунда акыл менен вахий ортосундагы тең салмактуулукту орнотууда да, мазхаб аралык кагылышууларды минималдаштырууга жол ачкан жоромолдорунда да өзгөчө мааниге ээ. Бул жагынан алганда, Те’вилату’л-Куран Түрк-Ислам дүйнөсүнүн орток интеллектуалдык мурасын түшүнүү үчүн өткөндө гана эмес, бүгүнкү күндө да негизги булак болуусун улантууда.
Орунбеков диссертациясында Имам Матуридинин «Тавилатул Куранда» адам жөнүндөгү түшүнүгүн теология, философия жана тафсир көз карашынан карап, адамдын онтологиялык позициясы, акыл менен вахийдин байланышы, эрк эркиндиги сыяктуу фундаменталдык маселелерге болгон комментарийлерин изилдеген. Орунбеков өзүнүн изилдөөсүндө Матуриди тарабынан адамзатка карата иштелип чыккан теориялык негизге мезгилдин алкагында да баа берген. Факультетибиздин иши мындан ары да кыргыздын диний түшүнүгүн сергек багытта калыптандыруу үчүн жаңы бүтүрүүчүлөрдү чыгарууну улантат. Кесиптешибизди жана салым кошкондорду куттуктайбыз.