2025-04-07

КТМУдан маңыздуу майрам зыяраты


Кыргызстан-Түркия Манас университети социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында Беловодский мектепке чейинки балдар үйүнө маңыздуу майрамдык зыярат жасады. 2025-жылдын 31-мартында өткөрүлгөн иш-чара Туруктуу өнүгүү комиссиясынын координациясында жана инженердик жана теология факультеттери менен биргеликте ишке ашырылган.

КТМУнун Туруктуу өнүгүү комиссиясынын төрагасы проф. док Кемал Полат координациялаган иш сапарга химиялык инженерия кафедрасынын башчысы проф. д-р Ферхан Түмер, кесиптик окуу жайдын директору проф. д-р Мирбек Турдуев жана «Калем» клубунун студенттери катышты. Ачылыш сөзүн проф., док. Мехмет Өзжан жасады. Проф. Доктор Кемал Полат балдарга айт кубанычын тартуулоону максат кылгандарын айтты.

Программанын жүрүшүндө балдар менен оюндар ойнотулуп, баарлашуулар болуп, майрамдык момпосуйлар таратылды. Интернаттын окуучуларына тамак-аш жана таттуулар  берилди. Балдар үйүнүн директору Анна Генадьевна бул иш-чарага канааттангандыгын айтып, университеттин жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Бул сапар КТМУнун социалдык сезимталдыгын жана социалдык жоопкерчиликти аңдап билүүсүн дагы бир жолу көрсөттү.