2025-жылдын 6-октябрында Орду университетинин ректору, профессор Орхан Баш Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосунда академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган келишимге кол коюлду.
Кол коюлган келишимге ылайык, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, бакалавр жана магистратура деңгээлиндеги студенттерди, академиялык кызматкерлерди жана изилдөөчүлөрдү алмашуу менен катар спорт, маданият жана көркөм өнөр тармактарында да кызматташуу каралууда.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн КТМУ ректору, профессор Алпаслан Жейлан бул келишим түрк дүйнөсүндө академиялык байланышты бекемдөөгө чоң салым кошоорун белгилеп, "Бул кызматташтык илимий өндүрүмдүүлүктү арттырып гана койбостон, эки элдин достук мамилесин да чыңдайт"-деп айтты.
Өз кезегинде Орду университетинин ректору, профессор Орхан Баш келишимдин эки тарап үчүн тең пайдалуу болоорун айтып, биргелешкен долбоорлор жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратарына ишенимин билдирди.
Иш-чаранын соңунда профессор Орхан Баш "Манас" телеканалына барып, жаңы студияларды көрүп чыкты жана мекеменин маалымат жана телеберүү ишмердүүлүгү менен таанышты.