2025–2026-окуу жылынын жазгы окуу семестринин алкагында алмашуу программасы боюнча Андижан айыл чарба жана агро-технологиялар институтунан эки студент билим алуу үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетине келишти.
Келген студенттер Ветеринария факультетинин деканы, профессор доктор Исмаил Шен жана факультеттин жетекчилиги менен жолугушуп, университет жана факультеттин академиялык түзүмү жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жалпы маалымат алышты.
