Селчук университетинин Медицина илимдери институту тарабынан уюштурулган 2025-жылдын көрүнүктүү жетишкендиктери сыйлыгынын алкагында, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринария факультетинин кенже илимий кызматкери, доктор Айдай Жунушова "Доктордук биринчи орун сыйлыгына" татыды.
Окутуучуларды даярдоо программасы (ОДП) алкагында Селчук университетинин Ветеринария факультетинин фармакология жана токсикология бөлүмүндө докторантура программасын биринчи орун менен аяктаганы үчүн доктор Айдай Жунушова менен биздин университет жана факультет сыймыктанат.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринария факультети кенже илимий кызматкери док. Айдай Жунушованы куттуктайт, анын академиялык карьерасында мындан аркы ийгиликтерди каалайт.