2025-10-07

30 жылдык мааракеге “Манас” университетинин эл аралык ийгилиги: КТМУнун Ветеринария факультетинин профессору "Дүйнөдөгү эң таасирдүү билим инсандары" катарына кирди.


Илим дүйнөсүдө алдыңкы иштери менен өзүнө көңүл бурган Кыргыз-Түрк “Манас” университети 30- жылдыгында дагы бир олуттуу эл аралык ийгиликке жетишти. Стэнфорд университети жана Elsevier кызматташтыгы менен даярдалган "Дүйнөдөгү эң таасирдүү билим инсандары" тизмесинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринария факультетинин окутуучусу, проф. док. Серкан Йылдырым орун алды.

Эл аралык критерийлерге жооп берген абройлуу жетишкендик

Elsevier маалымат базасында жарыяланган бул престиждүү тизме илимпоздордун карьерасында жасаган квалификациялуу академиялык иштеринин негизинде түзүлгөн. Жыл сайын жарыяланган тизмеде окумуштуулар эки башка категория боюнча бааланат: "Карьералык таасир" жана "Жылдык таасир".

Дүйнөдөгү эң көп шилтеме жасалган изилдөөчүлөрдү эске алган рейтин 22 негизги жана 174 субилимий дисциплиналар боюнча жүргүзүлгөн. Бул ар тараптуу баалоонун натыйжасында КТМУнун Ветеринария факультетинин окутуучусу, проф. док Серкан Йылдырым дүйнө жүзү боюнча илимпоздордун 2%-дык катарына кирүүгө жетишкендердин бири болуп калды.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринария факультети дүйнө жүзү боюнча олуттуу ийгиликке жетишкендиги үчүн Ветеринария факультетинин окутуучусу, проф. док Серкан Йылдырымды чын жүрөктөн куттуктайт жана ага мындан аркы ийгиликтерди каалайт.