2025-12-14


Кыргыз-Түрк Манас университети менен Андижан Айыл чарба жана Айыл чарба технологиялары институтунун кызматташтык алкагында академиктер факультетибизге келишти.


Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Узбекистан Андижан Айыл чарба жана Айыл чарба технологиялары институту арасындагы эки тараптуу кызматташтык алкагында 08–12-декабрь 2025-жылдарында доцент Джавхаров Ойбек, доктор Солиев Бахтиёр жана доктор Тургунов Сардорбек KTMУ Ветеринардык факультетине келишти.

Эки тараптуу кызматташтык алкагында факультетке келген академиктер тиешелүү илимий кафедраларда окуу жана билим берүү иштерин жүргүзүштү. Бул алкактта доцент доктор Джавхаров Ойбек “Жаныбарлардын тукуму жана генетикалык өзгөчөлүктөрү”, доктор Солиев Бахтиёр “Ферма жаныбарларында абдоминалдык хирургия ыкмалары” жана доктор Тургунов Сардорбек “Ферма жаныбарларында паразитардык оорулар” темалары боюнча сабак жана окутуу беришти.

Ветеринардык факультеттин деканы Проф. Др. Исмаил Шен жана факультеттин башкаруу командасы, көрсөтүлгөн академиктик салымдары үчүн келген окутуучуларга ырахмат күбөлүгүн тапшырды.