2025-04-21


Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин кинологиялык борборуна практикалык сапар


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кинологиялык борбору менен түзүлгөн Протоколдун алкагында биздин факультеттин студенттери кызматтык иттерди үйрөтүү, алардын ооруларын аныктоо жана дарылоо боюнча окуудан өтүп жатышат.Иттер бомба / баңгизат издөө, адамдарды издөө жана куткаруу сыяктуу миссияларда колдонулат. Кызматтык иттерди окутуу, диагноз коюу жана алардын ооруларын дарылоо өзүнчө адистикти талап кылат.