2025-жылдын 3-сентябры шаршемби күнү кечинде саат 20:45те Сатук Бугра Хан мечитинде уюштурулган Мавлид программасы коомчулук тарабынан чоң кызыгуу менен тосулду.
Программа КТМУнун теология факультетинин окутуучулары доктор Айтмырза Сотволдиев, доктор Сабыр Мураталиев, Шахимардан Орунбеков жана Абдулбасит Крайждын Куран окуусу менен башталды. Андан соң катышуучулар Мухаммед пайгамбардын (саллаллаху алейхи васаллам) өмүр жолуна арналган маектер жана дуалар менен руханий атмосферага ээ болушту.
Программанын жүрүшүндө катышуучуларга сый тамактар да берилди. Программада биримдик, ынтымак, боордоштук баса белгиленип, катышуучулар тынчтык жана руханий кече өткөрүшкөнүн билдиришти.
Программада сөз сүйлөгөн доктор Сабыр Мураталиев Мавлиддин Азирети Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) эскерүү кечеси экенин белгилеп кетти. Программага катышкан бардык мекендештерине ыраазычылыгын билдирип, пайгамбарыбызды түшүнүү жана анын жакшы ахлагын жашообузга тартуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болгонун айтты.