Ислам дүйнөсү үчүн чоң руханий мааниге ээ болгон Кадыр түн быйыл да дуба менен белгиленди. 2025-жылы 26-март бейшемби күнү Сатук Бугра Хан мечитинде өткөрүлгөн Кадыр түн программасы кызуу катышуу менен тосулду. Программанын жүрүшүндө жамаатка Куран окулуп, дуба кылынып, түндүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.
Көптөгөн жарандар түнү бою диний парздарын аткарып, намаз окуп, руханий бейпилдик табуу үчүн таң атканга чейин мечитте болушту. Мындан тышкары, Кадыр түнгө карата жамаатка сый тамак берилди.