2025-04-03

Берат Кечеси


Ислам дүйнөсү үчүн чоң руханий мааниге эж болгон Берат Кечеси быйыл да дуба жана ибадат менен белгиленип жатат. Рамазан айынын башталышынан кабар берген бул ыйык түн күнөөлөрдөн тазаланып, кечирим суроого жана руханий бейпилдикке жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Ушул алкакта 2025-жылдын 13-февраль бейшемби күнү саат 19.20да Сатук Бугра Хан мечитинде Берат Кечеси программасы уюштурулду. Программада Куран окулуп, мечиттеги жамаатка ислам дининин ишеними боюнча бул түн пенделердин күнөөлөрү кечирилип, дубалар кабыл болуп, келерки жылдын тагдыры жазылган маанилүү түн экени айтылды. Мындан тышкары, мусулмандардын бул ыйык түндү намаз окуп, Куран окуу жана эң сонун түрдө дуба кылуу менен өткөрүүлөрү керектиги тууралуу маалымат берилди.