КТМУдан изилдөө жана академиялык мобилдүүлүк үчүн үч мекеме менен кызматташтык


  • 2026-10-20
Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) археология жана маданий мурас изилдөөлөрүн, биргелешкен билим берүү иштерин жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү максатында Түрк археологиясы жана маданий мурасы институту менен кызматташуу протоколуна, Бухара эл аралык университети жана Азия эл аралык университети менен өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол койду.

Археология жана маданий мурас тармагында биргелешкен иштер көздөлүүдө

КТМУ менен Түрк археологиясы жана маданий мурасы институтунун ортосундагы кызматташуу протоколуна КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан менен институттун башчысы профессор Шабан Доган кол койду. Бул протокол археология жана маданий мурас тармактарында биргелешкен академиялык иштерди жүргүзүүгө жана эки мекеменин ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Бухара эл аралык университети менен изилдөө жана мобилдүүлүк мүмкүнчүлүктөрү өнүктүрүлөт

КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан менен Бухара эл аралык университетинин ректору профессор Шариф Баратов тарабынан кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандуму эки университеттин ортосундагы академиялык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.

Меморандумдун алкагында окутуучулар, административдик кызматкерлер, ошондой эле бакалавриат жана магистратура студенттеринин мобилдүүлүгүн колдоо пландалууда. Бигелешкен изилдөө ишмердүүлүктөрү жана илимий басылмалар да кызматташуу көздөлгөн багыттардын катарына кирет.

Азия эл аралык университети менен биргелешкен билим берүү программалары пландалууда

КТМУ менен Азия эл аралык университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумуна ректор профессор Алпаслан Жейлан жана Азия эл аралык университетинин ректору профессор Сухроб Собирович Дехканов кол коюшту. Меморандум биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүүнү, академиялык персоналдын жана студенттердин мобилдүүлүгүн колдоону жана ар түрдүү тармактарда биргелешкен иштерди жүргүзүүнү камтыйт.

Кол коюлган документтер аркылуу КТМУ аталган үч мекеме менен билим берүү жана изилдөө тармагындагы мамилелерин чыңдоо, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашууну биргелешкен академиялык ишмердүүлүккө айландыруу максат кылууда.

    Социалдык медиада бөлүшүү