КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАН КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ 2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (Ph.D) ПРОГРАММАЛАРЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ


  • 2026-05-22

КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАН КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН МАГИСТРАТУРА ЖАНА ДОКТОРАНТУРА (Ph.D) ПРОГРАММАЛАРЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ

СЫНАКТАРДЫН ГРАФИГИ ЖАНА УБАКЫТТАРЫ
Документтерди кабыл алуу күндөрү 01-июнь – 10-июль, 2026
Адистиги боюнча билим сынагы жазуу түрүндөгү сынак 16-июль, 2026, саат: 10:00
оозеки түрүндөгү сынак 17-июль, 2026, саат: 11:00
Сынактын жыйынтыктарын жарыялоо 21-июль, 2026
Негизги тизмедеги талапкерлерди каттоо 22-23-июль, 2026
Резервдик тизмедеги талапкерлерди каттоо 24-июль, 2026
Сабактарга катталуу 28-август - 01-сентябрь, 2026
Сабактар негизинен 17:00 дөн кийин башталат.
КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ

МАГИСТРАТУРА

  1. Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.
  2. Магистратура программасына тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын (КР) жараны болуп туруп, КР жана Түркия Республикасынын (ТР) жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан дипломдун нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. ТР жараны болуп туруп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек.
  3. ALES (жарамдуулук мөөнөтү 3 жыл) жана GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 5 жыл) сыяктуу эл аралык сынактардын жыйынтыгы жазуу түрүндөгү сынактын ордуна эсептелинет. ALES сынагынын жыйынтыгы эң аз 55 балл болуусу шарт. Ал эми GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгы ALES сынагынын минималдык баллына (55 балл) дал келиши зарыл. Бул сынактардын минималдык баллы жазуу сынагынын 70 баллына туура келет. Аталган сертификаттардын ээлери оозеки сынак тапшырат. Ал эми сертификаттарга ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды тапшырууга милдеттүү.

ДОКТОРАНТУРА (PhD)

  1. Докторантура программасына магистратуранын бүтүрүүчүлөрү, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер, ошондой эле бакалавр даражасына ээ болуу менен бирге Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган тартипте бир лабораториялык багытта адистигин далилдеген сертификатка ээ болгон талапкерлер тапшыра алат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу зарыл.
  2. Докторантура программасына тапшырган талапкер КР жараны болуп туруп, КР жана ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан дипломдун нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. ТР жараны болуп туруп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек.
  3. ALES (жарамдуулук мөөнөтү 3 жыл) жана GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 5 жыл) сыяктуу эл аралык сынактардын жыйынтыгы жазуу түрүндөгү сынактын ордуна эсептелинет. ALES сынагынын жыйынтыгы эң аз 55 балл болуусу шарт. Ал эми GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгы ALES сынагынын минималдык баллына (55 балл) дал келиши зарыл. Бул сынактардын минималдык баллдары жазуу сынагынын 70 баллына туура келет. Аталган сертификаттардын ээлери оозеки сынак тапшырат. Ал эми сертификаттарга ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды тапшырууга милдеттүү.
  4. Докторантура программасына тапшыруу үчүн талапкер ТР “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн же Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан өткөрүлгөн чет тили сынагынан 50 баллдан жогору баллга ээ болуусу керек (жарамдуулук мөөнөтү – 3 жыл). Ошондой эле, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар Кеңеши тарабынан бекитилген, эл аралык деңгээлде кабыл алынган чет тил сынактарынан тиешелүү баллга ээ болуусу зарыл. Чет тил боюнча эл аралык сынактардын баллы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин “чет тили сынактарынын эквиваленттүүлүк таблицасына” жараша эсептелинет.

ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТ

КР жана ТР сырткары башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларын, КР жогорку окуу жайларын (билим берүү тили кыргызча же түркчө болбогон) бүтүргөн чет мамлекеттин жарандары, жана ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде тапшырып жаткан чет мамлекеттин жарандарын эл аралык студент катары кабыл алуу төмөнкү шарттардын негизинде жүргүзүлөт.

  1. Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек. Докторантура программасына магистратуранын бүтүрүүчүлөрү, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер кабыл алынат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2,50дөн жогору болушу талап кылынат.
  2. КР жана/же болбосо ТР жооптуу мекемелери тарабынан нострификацияланган диплом талап кылынат.
  3. Талапкерден чет тил боюнча сертификат талап кылынбайт. Талапкер өзү тандаган тилде оозеки түрдө билим сынагына кирет.
КАТТАЛУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР
  • Талапкерелер төмөндөгү үч жолдон бирөөсү аркылуу катталса болот: Жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү институтуна колдон тапшыруу, bilgi.lee@manas.edu.kg электрондук почта аркылуу, же болбосо https://info.manas.edu.kg/sinav/ каттоо платформасы аркылуу тапшырууга болот. Кабыл алуунун акыркы күнү 10-июль 2026-жыл, Бишкек сааты боюнча 17:30 га чейин жүргүзүлөт.
  • Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү тиркемеден https://lee.manas.edu.kg/kg/form, же болбосо Институттан электрондук почтасы аркылуу алууга болот: bilgi.lee@manas.edu.kg.
  • Магистратура программасы үчүн бакалавр диплому же/жана базалык жогорку билими боюнча диплом жана тиркемелеринин көчүрмөлөрү талап кылынат. Докторантура программасы үчүн магистрдик диплом же/жана беш жылдык жогорку билими боюнча адистик диплому жана тиркемелеринин көчүрмөлөрү талап кылынат. Талапкер кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат.
  • Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү, абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы талап кылынат.
  • Тастыкталган транскрипт.
  • 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.
  • Паспорттун же идентификациялык картанын көчүрмөсү.
  • ALES сынагынын сертификаты же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгынын түп нускасы же көчүрмөсү (болсо).
  • Англис тили сертификаттарынын түп нускасы же көчүрмөсү (докторантура программасы үчүн).
КАРАЛГАН ШАРТТАР
  1. Билим берүү акысыз.
  2. Магистрант жана докторанттарга Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Стипендия берүү» жобосунун негизинде стипендия берилет (стипендиянын өлчөмү магистранттар үчүн 7200 сом, докторанттар үчүн 9600 сом).
  3. Университеттин Ч. Айтматов атындагы кампусунда толук шарттары менен жатаканалар бар.
МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР
  1. Маалымат алуу ж.б. суроолор үчүн: Бишкек шаары, Жал кичи району, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ч. Т. Айтматов атындагы кампус, Жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү институтунун имараты, 1-кабат (Студенттик бөлүм). (Локация: 42.833386, 74.573274), байланыш үчүн: 00 996 (312) 25 35 57 ички тел.:107 номерине телефон чалыңыз. WhatsApp: +996999775566
  2. Туура эмес же толук эмес документ берген талапкердин арызы жараксыз деп эсептелинет.
  3. Билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Тилден бошотуу сынагы 2026-жылдын 02-04-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан өткөрүлөт. Тил сынагын ийгиликтүү тапшыра албагандарга Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тил боюнча даярдоо курсуна катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

БИЛИМ БАГЫТТАРЫ ЖАНА КВОТАЛАР

МАГИСТРАТУРА
БИЛИМ БАГЫТЫ / Программа КВОТА ALES ж.б. эл аралык тесттердин сертификаттарынын багыттары Магистратура программасына тапшыруу үчүн төмөнкү багыттар боюнча бакалавр же жогорку адистик билим талап кылынат
КР ТР ЭА
Экономика 321 Орток жыйынтык - Экономика, Менеджмент, Финансы жана кредит, Мамлекеттик финансы.

- Эмгек экономикасы*, Өнөр-жай инженерлиги*, Башкаруу инженерлиги*, Система инженерлиги*, Компьтердик инженерлиги*.
Менеджмент 552 Орток жыйынтык - Менеджмент, Экономика, Финансы жана кредит, Эмгек экономикасы, Адам ресурстарын башкаруу жана саламаттыкты сактоо менеджменти, Туризмди башкаруу, Өнөр-жай инженерлиги, Башкаруу инженерлиги, Система инженерлиги.

- Башка адистик багытын бүтүргөн талапкерлер*.
Тарых
(Тарых программасы)
442 Гуманитардык - Тарых, Искусство тарыхы, Архелогия жана социалдык антропология.

- Саясат таануу*, Юриспруденция*.
Филология
(Тюркология)
442 Гуманитардык - Тюркология, Филология, Лингвистика, Азыркы түрк тилдери жана адабияттары, Синхрондук котормоо бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү.
Программалык инженерия 221 Табигый жана так илимдер - Программдык инженерия, Компьютердик инженерия, Компьютердик билим берүү жана окутуу технологиялары, Маалыматтык технологиялар, Информатика негиздери жана маалыматтык технологиялар, Программа жана маалымат тутумдарын башкаруу, Маалыматтык коопсуздук, Компьютер илими, Маалыматтык тутумдар жана технологиялар, Интернетте берилиштерди иштетүү - Колдонмо информатика технологиясы жана башкаруу, Электр жана электроника инженериясы.

- Математика*, Колдонмо математика жана информатика*.
Жаратылышты колдонуу жана экология
(экология инженерлиги)
311 Табигый жана так илимдер - Экология инженерлиги.

- Тамак-аш инженерлиги*, Химия инженерлиги*, Экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу*, Геоэкология*, Экологияны коргоожана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу*, Өнөр жай инженерлиги*, Химия*, Биология*, Өсүмдүктөрдү коргоо*, Биоэкология*, Биотехнология*, Биоинженерия*, Токой чарба инженерлиги*, Тоо-кен өнөр жай инженериясы*, Экологияны башкаруу жана сууну пайдалануу*, Машина куруу инженериясы*.
Педагогика
(Педагогика)
221 Орток жыйынтык - ЖОЖдордун Педагогика факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү.
- КТМУнин же Түркия Республикасынын ЖОЖдорунун педагогикалык даярдоо cертификатына ээ болуу.
- Cоциология*, Тюркология*, Философия*, Теология*, Тарых*, Филология*, Математика*, Биология*, Психологиялык – педагогикалык кенеш жана көмөк*, Синхрондук котормо*, Көркөм өнөр*, Компьютердик инженерия*, Дене тарбия *.
Педагогика
(Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк)
221 Орток жыйынтык - Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк, психология.
Журналистика 221 Гуманитардык жана орток жыйынтык - Коммуникация факультетинин (журналистика, радио жана ТВ, коомчулук менен байланыш) бүтүрүүчүлөрү.

- Гуманитардык факультет*, Адам жана коомдук илимдер факультети*, Экономика жана башкаруу факультети*, Көркөм өнөр факультети*, Туризм факультети*, Педагогика факультети*.
Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы
(тамак-аш инженерлиги)
411 Табигый жана так илимдер - Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (тамак-аш инженерлиги)

- Азык-түлүктөрдүн технологиясы жана илими*, Экология инженерлиги*, Тамак-аш жабдуулары*, Химия инженерлиги*, Азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү*.
Химиялык технология
(химия инженерлиги)
311 Табигый жана так илимдер - Химия инженерлиги, Химиялык технологиялар.

- Тамак-аш инженерлиги*, Экология инженерлиги*, Биоинженерлиги*, Химия-биология инженерлиги*, Химия*.
Математика 411 Табигый жана так илимдер - Математика, Колдонмо математика жана информатика, Математика инженерлиги, Математика жана компьютер, Математика мугалими.
Биология 422 Табигый жана так илимдер - Биология, Биоэкология, Биотехнология, Биология мугалими, Биоинженерлиги, Биохимия, Молекулалык биология, Генетика, Генетикалык инженерия, Биофизика, Биология, лабораториялык иш.

- Экология*, Экология инженерлиги*, Ветеринария*, Агрономия*, Медицина*, Тамак-аш инженерлиги*, Химия*, Табигый так илимдер мугалими*, Фармацефтика*.
Биология
(Биотехнология программасы)
321 Табигый жана так илимдер - Биотехнология, Биология, Биоэкология, Биология мугалими, Биоинженерлиги, Биохимия, Молекулалык биология, Генетика, Генетикалык инженерия, Биофизика.

- Экология*, Экология инженерлиги*, Ветеринария*, Агрономия*, Медицина*, Тамак-аш инженерлиги*, Химия*, Табигый так илимдер мугалими*, Фармацефтика*.
Эл аралык мамилелeр 442 Орток жыйынтык - Эл аралык мамилелер, Саясат таануу жана эл аралык мамилелер.

- Саясат таануу жана мамлекеттик башкаруу*, Мамлекеттик башкаруу*, Юриспруденция*, Экономика*, Социология*, Тарых*, Журналистика*, Коом менен байланыш*.
Теология
(Ислам таануу)
211 Гуманитардык - Теология, Ислам таануу факультетинин бүтүрүүчүлөрү.

- Социология*, Философия*, Тарых*, Араб тили жана адабияты*.
Мейманкана иши 321 Орток жыйынтык - Туризм, Мейманкана иши, Саякат иши, Гид кызматы, Рекреация, Сервис жана кулинардык өнөр, Коомдук тамак ашты башкаруу.

- Башка багыттардын бүтүрүүчүлөрү*.
Агрономия
(Өсүмдүктөрдү коргоо)
321 Табигый жана так илимдер - Өсүмдүктөрдү коргоо, Агрономия.

- Мөмө жемиш*, Талаа өсүмдүктөрү*, Мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү*, Биология*, Токойчулук*, Агроэкология*.
Агрономия
(Жашылча, мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү)
421 Табигый жана так илимдер - Жашылча, мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү, Агрономия, Мөмө жемиш, Талаа өсүмдүктөрү.

- Өсүмдүктөрдү коргоо*, Биология*, Токойчулук* Агроэкология*, Фармация*, Фармакогнозия*.
Дене тарбия жана спорт 321 Орток жыйынтык - Дене тарбия, Дене тарбия жана спорт.

- Педагогика*, Медицина*.
Сервис
(Ресторан иши жана кулинардык өнөр)
311 Орток жыйынтык - Ресторан иши жана кулинардык өнөр, Тамак-аш жана суусундук инженериясы, Коомдук тамактанууну башкаруу, Тамак – аш инженерияся, Туризм, мейманкана иши, саякат иши жана гид кызматы.

- Башка багыттардын бүтүрүүчүлөрү*.
ДОКТОРАНТУРА (PhD)
БИЛИМ БАГЫТЫ КВОТА ALES ж.б. эл аралык тесттердин сертификаттарынын багыттары ЧЕТ ТИЛ Докторантура программасына тапшыруу үчүн төмөнкү багыттар боюнча магистр даражасы же жогорку адистик билим талап кылынат
КР ТР ЭА
Экономика 311 Орток жыйынтык Англис тили, Орус тили, Немец тили, Француз тили - Экономика, Финансы жана кредит, Мамлекеттик финансы, Эл аралык экономика.

- Дүйнөлүк экономика*, Эл аралык экономикалык мамилелер*, Мамлекеттик башкаруу*, Эл аралык мамилелер*, Юриспруденция *.
Педагогика 221 Орток жыйынтык Англис тили, Орус тили, Немец тили, Француз тили - Педагогика багытында (магистрадик ишин коргоо шарты менен) магистр жана беш жылдык адистик диплом талап кылынат.
Менеджмент 321 Орток жыйынтык Англис тили - Менеджмент, Экономика, Мамлекеттик финансы, Финансы жана кредит, Эмгек экономикасы, Адам ресурстарын башкаруу, Сапатты башкаруу, Туризм жана мейманкана, Эл аралык соода жана логистика, Саламаттыкты сактоо менеджменти,

- Өнөр-жай инженерлиги*, Башкаруу инженерлиги*, Система инженерлиги*.
Тарых 421 Гуманитардык Англис тили, Орус тили - Тарых, Архелогия, Социалдык антропология.
Филология
(Тюркология)
221 Гуманитардык Англис тили, Орус тили - Тюркология, Филология, Лингвистика, Азыркы түрк тилдери жана адабияттары, Синхрондук котормоо бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрү.
Жаратылышты колдонуу жана экология
(экология инженерлиги)
211 Табигый жана так илимдер Англис тили - Экология инженерлиги.

- Тамак-аш инженерлиги*, Химия инженерлиги*, Геоэкология*, Экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу*, Өнөр жай нженерлиги*, Химия*, Биология*, Өсүмдүктөрдү коргоо*, Биоэкология*, Биотехнология*, Биоинженерия*, Токой чарба инженерлиги*, Тоо-кен өнөр жай инженериясы*, Экологияны башкаруу жана сууну пайдалануу*.
Журналистика 111 Гуманитардык, Орток жыйынтык Англис тили - Коммуникация факультети (журналистика, радио жана ТВ, коомчулук менен байланыш ж.б.).

- Социология*, Психология*, Саясат таануу*, Эл аралык мамилелер*, Менеджмент*, Тарых*, Педагогика*.
Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы
(тамак-аш инженерлиги)
210 Табигый жана так илимдер Англис тили - Тамак-аш инженерлиги.

- Азык-түлүктөрдүн технологиясы жана илими*, Экология инженерлиги*, Тамак-аш жабдуулары*, Химия инженерлиги*.
Химиялык технология
(химия инженерлиги)
111 Табигый жана так илимдер Англис тили - Химия инженерлиги, Химиялык технологиялар.

- Тамак-аш инженерлиги*, Экология инженерлиги*, Биоинженерлиги*, Химия-биология инженерлиги*, Химия*.
Математика 211 Табигый жана так илимдер Англис тили - Математика, колдонмо математика жана информатика, Математика инженерлиги, Математика жана компьютер, Математика мугалими.
Биология 211 Табигый жана так илимдер Англис тили - Биология, Биоэкология, Биотехнология, Биология мугалими, Биоинженерлиги, Биохимия, Молекулалык биология, Генетика, Генетикалык инженерия, Биофизика.

- Экология*, Экология инженерлиги*, Ветеринария*, Агрономия*, Медицина*, Тамак-аш инженерлиги*.
Агрономия
(Өсүмдүктөрдү коргоо)
211 Табигый жана так илимдер Англис тили, Немец тили - Өсүмдүктөрдү коргоо.

- Агрономия*, Мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү*, Мөмө жемиш*, Талаа өсүмдүктөрү*, Биология*, Агроэкология*.
Туризм 111 Орток жыйынтык Англис тили, Орус тили, Немец тили - Туризм, Мейманкана иши, Саякат иши жана гид кызматы, Рекреация. Ресторан иши жана кулинардык өнөр.
Ветеринардык микробиология 321 Табигый жана так илимдер Англис тили - Ветеринария факультетинин бүтүрүүчүлөрү.
    Социалдык медиада бөлүшүү