2026-01-29
Кыргызстан–Түркия Манас Университетинин Математика бөлүмүнүн окутуучулары Түркия Маариф Фондуна караштуу мектепке иш сапары менен барып, окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү. Иш-чаранын алкагында окуучулардын математикага болгон кызыгуусун арттырууга багытталган ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду.
Программанын жүрүшүндө окуучулар үчүн математика боюнча таймаштар өткөрүлүп, активдүү катышкан жана ийгиликке жетишкен окуучуларга белектер тапшырылды. Бул иш-чаралар окуучулардын билимге болгон мотивациясын жогорулатууга өбөлгө түздү.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында Кыргызстан–Түркия Манас Университетинин студенттери үчүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашуулар жүргүзүлдү. Окутуучулар менен мектеп жетекчилигинин ортосунда университет менен мектептин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бүтүрүүчүлөр үчүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Иш сапар эки тараптуу жакшы тилектер менен жыйынтыкталды.
