2025-04-08
2025-жылын 5-апрелинде Табигый илимдер факультетинин Математика бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери университеттин коомго кызмат долбоорунун алкагында Ысык-Ата районундагы “Гүлзар”балдар үйүнө барып, кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп келишти. Учурда аталган балдар үйүндө 115 мектеп жашындагы кыз бала тарбияланат.
Учурашып таанышкандан кийин, балдарга окуу жайыбыздын таанытуу видео-тасмасы көрсөтүлүп, бөлүмдүн окутуучулары балдарга билимдүү жана тарбиялуу адам болуу үчүн кеп-кеңештерин берип, каалоо-тилектерин айтышты. Биздин студенттер аларга концерттик номерлерин тартуулап, ар кандай кызыктуу оюндарды уюштурушту.
Балдарды китеп окууга кызыктырып, өзүн-өзү өнүктүрүүгө шыктандыруу максатында окуучулар арасында “Китеп- билим азыгы” аттуу конкурс жарыяланды. Балдарга таттуу белектер менен кошо “Поллианна” жана “Эмне үчүн китеп окуу керек?” аттуу китептер таратылды. Аталган китептер боюнча конкурстун жыйынтыгы бир айдан кийин чыгарылат жана жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.