2026-01-30


«Tamashaka» — күлкү, ынтымак, биримдик!


27-январь күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Студенттик кеңеши тарабынан уюштурулган “Tamashaka” аттуу юмордук таймаш чоң шаң менен өткөрүлдү. Бишкектеги ар кандай университеттерден келген командалардын катышуусу менен өткөн бул иш-чара студенттер арасындагы достукту, ынтымакты жана чыгармачылыкты дагы бир жолу бекемдеди. Бул таймашта Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн студенти Мухамедали Сулайманов капитандык кылган команда биринчи орунду ээледи. Студентибизди жана анын командасын куттуктайбыз жана дагы ийгиликтерди багынта берүүсүн каалайбыз!