2025-10-01
UME бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери 2025-жылдын жай мезгилиндеги стажировкадан кийин профессордук-окутуучулук курамга өз презентацияларын тартуулашты. Бул урматтуу студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары жана кесиптик көндүмдөрү жөнүндө кеңири айтып, окутууга болгон алгачкы кадамдары менен бөлүшүштү. Бөлүм жетекчилиги студенттерди кесипке даярданууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, эмгек жолунда ийгиликтерди каалады.