2025-11-19


Дары өсүмдүктөр жана аны колдонуудагы өздүк тажрыйбам


2025-жылдын 19-ноябрь саат 13:30, MFFB-221 кабинетинде Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун мыктысы, 45-жылдык педагогикалык эмгек стажына ээ, тажрыйбалуу мугалим ардагер, химбиолог Жунушова Нуркамал тарабынан «Дары өсүмдүктөр жана аны колдонуудагы өздүк тажрыйбам» аттуу семинары өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Жунушова Нуркамал дары өсүмдүктөрдүн түрлөрү, алардын медицина жана күнүмдүк турмушта колдонулушу боюнча өзүнүн бай тажрыйбаларын бөлүштү. Ал өсүмдүктөрдү чогултуу, даярдоо жана сактоо ыкмаларын, ошондой эле ар кандай дарттарга карата эффективдүү рецептураларды практикалык мисалдар менен түшүндүрдү. Катышуучулар семинар учурунда суроолорду берип, өз тажрыйбаларын жана кеңештерин алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Семинар натыйжасында дары өсүмдүктөрдү туура жана коопсуз колдонуу боюнча билимдер кеңейди, ошондой эле химбиологиялык билимдин практикалык мааниси баса белгиленди.