2026-06-18


Студентибиздин “Кел, айталы жаңылмач” аттуу эмгеги жарыкка чыкты


Коомдогу өзгөрүүлөргө байланыштуу элдик балдар ырларын заманбап форматта жандандыруу максатында, ата-энелерге жана кичинекей балдарга арналган "Кел, айталы жаңылмач" китепчеси түзүлдү. Китепчеде баланын курактык өнүгүүсүнө жана организминдеги сүйлөө аппаратынын туура калыптанышына өзгөчө көңүл бурулуп,  жаңылмачтар баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша ирээттелип, берилди. Тандалган материалдар баланын эс тутумун өстүрүп, сүйлөө аппаратынын  туура калыптанышына жардам берет. “Кел, айталы жаңылмач” китепчеси студентибиздин алгачкы кадамы жана бул чакан жыйнак ар бир үй-бүлөгө пайдалуу болот. Студентибизди куттуктайбыз.