2025-12-12


«Чыӊгыз Айтматовду түшүнүү» аттуу маектешүү программасы болуп өттү


2025-жылдын 12-декабрь күнү Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата Гуманитардык факультет, Түркология бөлүмү жана Көркөм өнөр факультети биргелешип уюштурган Айтматовду эскерүү программасынын алкагында студенттер жана окутуучулар Ч.Айтматовдун үй музейин зыяратка барышты.

Экинчи бөлүгүндө университетибиздин К.Тыныстанов жыйындар залында «Чыӊгыз Айтматовду түшүнүү» аттуу маектешүү программасы уюштурулду. Бул программанын коноктору белгилүү Айтматов таануучу проф., док. Лайли Үкүбаева жана  Ч.Айтматовдун жээни, жазуучу Асан Ахматов болду. Программа бандамачылар менен катышуучулардын жандуу баарлашуусу менен өттү. Катышуучулар суроолорун берип, Чыӊгыз Айтматов жана анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу суроолоруна жооп алышты.

Үчүнчү бөлүгүндө Көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган көркөм окуу жана чакан концерттик программа уюштурулду.