2025-12-11


Белгилүү Айтматов таануучу Мехман Хасанли биздин кафедрада семинар өткөрдү


2025-жылдын 11-декабрь күнү саат 15:30да Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-чогулуш залында Айтматовдун чыгармаларын изилдеген белгилигүү Айтматов таануучу, Азербайжан Улуттук Илимдер Академиясынын Низами Гянжави атындагы Адабият Институтунун мүдүрүнүн орун басары, Доц., док. Мехман Хасанли бөлүмүбүздө «Чыңгыз Айтматовдун азербайжан жазуучулары менен достук мамилеси» деген темада семинар өткөрдү. Семинарда Хасанли Чыңгыз Айтматов жана азербайжан жазуучулары жана акындары арасындагы достук мамиле жөнүндө ушул убакка чейин белгисиз болгон абдан маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун азербайжан сүрөтчүлөрүнө жөнөткөн мурда жарыяланбаган каттары көрсөтүлүп, катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Семинар суроо-жооп бөлүгү менен улантылып, аягында Мехман Хасанли мырзага «Ыраазычылык сертификаты» тапшырылды.

Акыркы бир айдын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Азербайжандан келген окумуштуулар тарабынан өткөрүлгөн семинарлар түрк дүйнөсүн таанытуу сезимин өнүктүрүүгө жана түрк дүйнөсүнүн интеграциясына карата ишенимди бекемдөөгө олуттуу салым кошуп келет. Семинар үчүн урматтуу Мехман Хасанли мырзага чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана тилектештигибиз менен кызматташтыгыбыздын уланышын жана бекемделишин каалайбыз.