2025-10-17


Хожа Ахмет Ясави атындагы эл аралык Казак-Түрк университетинин ага окутуучусу, док. Маржан Талдыбаеванын “Казак тилин түрк тилдүү студенттерге окутууда инновациялык технологияларды колдонуу ыкмалары” аттуу семинары болуп өттү


2025-жылдын 16-октябрь күнү саат 15:30да Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-чогулуш залында, Хожа Ахмет Ясави атындагы эл аралык Казак-Түрк университетинин филология факультети, казак тили кафедрасынын ага окутуучусу, док. Маржан Талдыбаеванын “Казак тилин түрк тилдүү студенттерге окутууда инновациялык технологияларды колдонуу ыкмалары” аттуу семинары болуп өттү. Семинарда түрк тилдүү студентерге казак тилин үйрөтүү жана колдонулган инновациялык технологиялар боюнча маалымат берди. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.