2025-04-24


21-23-апрель күндөрү X. Эл аралык жаш түркологдор симпозиуму болуп өттү.


2025-жылдын 21-23-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан Түрк тили коому, ТҮРКСОЙ жана Евразия Жазуучулар союзу менен биргеликте Якуп Өмероглунун жаркын элесине арналган X. Эл аралык жаш түркологдор симпозиуму болуп өттү.

Симпозиум Якуп Өмероглунун элесине арналган көргөзмө менен башталып, ачылыш аземинде университетибиздин проректорлору жана Түрксойдун баш катчысы Султан Раев, Түрк тил коомунун башчысынын орун басары доцент PhD Харун Шахин, Якуп Өмероглунун жубайы Хава Өмероглу, кызы Өзге Өмероглу сөз сүйлөштү.

Түркологиянын ар түрдүү багыттарында: тил, адабият, фольклор, тарых, археология, философия жана социология сыяктуу тармактарда илимий изилдөөлөрүн жүргүзгөн жаш илимпоздор доклад окушуп, өз ара пикир алышып, бүгүнкү күндөгү түркологиянын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Симпозиумга бул жылы 13 өлкөдөн (Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, өзбекстан, Казакстан, Россия федерациясынан ж.б.) жаш окумуштуулар катышып, жалпы оффлайн 116, онлайн 62 билдирүү сунулду.

Симпозиумдун акыркы күнү маданий иш-чара уюштурулуп, катышуучулар Ата-Бейит — улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жана Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик  - Бурана музей комплексине зыяратка барышты.