2026-01-01


ЖАӉЫ КЫРГЫЗ СӨЗДҮГҮ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ


2025-жылдын 29-декабрында Cинхрондук котормо бөлүмү жана Түркология бөлүмү тарабынан «Жаӊы кыргыз сөздүгү – учурдун талабы» аталышында тегерек стол уюштрулду. Тегерек столдо Кыргыз-Түрк «Манас»  университетинин окутуучулары тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошуу максатында жүргүзүлүп жаткан долбоор жана анын алкагында даярдалып жаткан Кыргыз тилинин жаӊы түшүндүрмө сөздүгү, андагы кошумчалоо, түзөтүү жана толуктоолор боюнча кеӊири маалымат берилди.