2025-12-10
Синхрондук котормо бөлүмүнүн даярдык курсундагы студенттери үчүн бөлүмдү таанытуу жыйыны өткөрүлдү.
Синхрондук котормо бөлүмүнүн университеттин Чет тилдер жогорку мектебинде тил үйрөнүп жаткан студенттерине бөлүм жана андагы программалар тууралуу кеңири маалымат берүү максатында 10.12.2025-ж. атайын жыйын уюштурулду.
Кыргызча-түркчө программасынын студенттерине ага окутуучу Мухиттин Гүмүш, Түркчө-орусча программасынын студенттерине ф.и.к. Гүлсанам Абдувалиева, Кыргызча-англисче программасынын студенттерине ага окутуучу Мээрим Киналиева кеңири маалыматтарды камтыган презентацияларын сунушташты.
Аталган иш-чарада даярдык курсунда окуган студенттерге төмөнкү багыттар боюнча кеңири маалымат берилди:
• Синхрондук котормо бөлүмүнүн максаттары жана окуу программалары;
• Котормочулук-тилмечтик кесиптин бүгүнкү күндөгү мааниси;
• Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү иштей турган тармактар;
• Оозеки жана жазмуу түрүндө котормонун жалпылыктары жана өзгөчөлүктөрү;
• Синхрондук котормо лабораториялары менен тааныштыруу;
• Бөлүм окутуучулары тарабынан даярдалган илимий китептер жана котормо эмгектер;
• Социалдык жана маданий иш-чаралар, “Тилмечтер таймашы” тууралуу маалымат.
Ошондой эле котормочулук кесиптин бүгүнкү абалы жана келечеги, машина котормосу менен инсан тарабынан жасалган котормонун айырмачылыктары боюнча берилген суроолорго жооп берилди.


