2025-12-08
08.12.2025-ж. Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-англисче программасынын ага окутуучусу Киналиева Мээрим тарабынан “Кыргыз тилинен Англис тилине оозеки которууда колдонулган Кыскартып жазып алуу ыкмалары” аттуу илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттерине жана бөлүмдүн окутуучулук курамына тилмечтик тез жазуунун методологиялык эволюциясы, практикалык көнүгүулөрдөн алынган мисалдар жана кыргыз тилинде тез жазуу ыкмасынын өзгөчөлүгү тууралуу маалымат берилди.

