2025-10-02


ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН МАДАНИЙ БАЙЛАНЫШТАРЫНА САЛЫМ


2025-жылы Гуманитардык факультеттин  Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу жана жазуучу Мухиттин Гүмүш агайыбыздын калемине таандык бир роман жана 5 котормо жарык көрдү. Атап айтсак, кыргыз адабиятынын белгилүү жазуучуларынан Самсак Станалиевдин «Чагылгандын көз жашы» романы Түрк тил курму тарабынан « Şimşeğin Gözyaşı», Бекен Назаралиевдин «Кун» аттуу чыгармасы Евразия жазуучулар биримдиги тарабынан « Diyet», ал эми акын Анатай Өмүркановдун ыр жыйнагы ТҮРКСОЙдун колдоосу менен « Sevginin Yüz Şiiri» деген ат менен басылып чыкты. Ал эми өз калемине таандык «Erdem Yolunda» романы Бенгү басмасы тарабынан окурмандарга тартууланды. Мындан тышкары, агайыбыз Өзбекстандын классик акындарынан Йолдаш Эшбектин «Түркияга каттар» аттуу чыгармасын жана жаш акын Шухрат Ариптин «Көк эрк» аттуу чыгармасын да түрк тилинен которуп окурмандарга сунуштады.

Түрк дүйнөсүнүн маданий байланыштарына кошкон салымы үчүн агайыбызды куттуктайбыз жана иштерине ийгилик каалайбыз.