2025-10-02


«ИСМАИЛ ГАСПЫРАЛЫНЫН УЛУУ МАКСАТЫ ЖАНА ОРТОК АЛФАВИТ ИДЕЯСЫ» КОНФЕРЕНЦИЯСЫ


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Филология факультетинин Синхрондук-котормо бөлүмүнүн доценти Сердар Дагыстан 2025-жылдын 1-октябрында «Исмаил Гаспыралынын улуу максаты жана ортоκ алфавит идеясы: өткөндөн бүгүнкү күнүбүзгө карай» аттуу конференция берди. Университетибиздин 30 жылдыгынын алкагында уюштурулган бул конференцияга окутуучулар жана студенттер чоң кызыгуу менен катышты. Сердар Дагыстан агайбыз Исмаил Гаспыралынын «Тилде, пикирде, иште бирдик» идеясы жана түрк дүйнөсүндө орток алфавит колдонуу боюнча жасалган иш-аракеттердин тарыхый өнүгүшү боюнча маалымат берди. Мындан тышкары Гаспыралынын мурасынын учурда да жол көрсөтүүчү мааниге ээ экендигин баса белгилеп, орток алфавитти колдонуу жазууда гана эмес, маданий өзгөчөлүк, билим берүү жана кызматташтык жаатында да зор мааниге ээ экендигин баса  белгиледи.