2025-10-02
2025-жылдын 30-сентябрында Орусча-түркчө программасынын ага окутуучусу ф.и.к. Гүлсанам Абдувалиеванын жетекчилигинде III, IV курстарынын студенттери тарабынан университетибиздин 30 жылдыгына жана Эл аралык котормочулар күнүнө карата I жана II курстун студенттерине арналган “Кош келдиң!” аттуу программа уюштурулду. Аталган программада таанытуу фильми, кыргыз улуттук бийлери жана ырлары аткарылып, студенттер дасторкон үстүндө жакындан таанышуу жана жылуу маанайда баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.