2025-04-21


«ОРУС ЖАНА ТҮРК ТИЛДЕРИНДЕГИ ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДЕ ЧАГЫЛДЫРЫЛГАН ДҮЙНӨ СҮРӨТҮНӨ ЛИНГВОКУЛЬТУРОЛОГИЯЛЫК АНАЛИЗ» АТТУУ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ


2025-жылдын 16-апрелинде Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө программасынын ага окутуучусу ф.и.к. Чолпон Сыдыкова тарабынан «Орус жана турк тилдериндеги фразеологизмдерде чагылдырылган дγйнө сүрөтүнө лингвокультурологиялык анализ» аттуу илимий-практикалык семинар өткөрүлдү. Семинарда ф.и.к. Сыдыкова Ч.Т. «Туугандык жана меймандостук мамилени  чагылдырган фразеологизмдер», 3-курстун студенттери Бегимай Докоева «Гендерлик фразеологизмдер», Алия Аскатбекова «Фразеологизмдердеги стереотиптер», Алина Абдылдаева, Рахат Бакытбек кызы «Фразеологизмдердеги реалийлер», Баяна Айтказиева «Сандык символдор катышкан фразеологизмдер», Бурак Саваш «Фразеологизмдерди которуу ыкмалары» темасында билдирүү жасашты. Семинарга бөлүм окутуучулары жана студенттери кызыгуу менен катышты.