2025-04-15


«ТЕАТРГА САЯКАТ-3» АДАБИЙ КЕЧЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ


2025‑жылдын 9‑апрелинде Касым Тыныстанов атындагы конференц‑залда салтка айланган «Театрга саякат – 3» адабий кечеси өтүп, Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери залды жандуу сахнага айлантты: кыргыз‑англис программасынын 1‑курс студенттери «Ромео жана Жулеттадан» үзүндү коюп, Шекспирдин сонетин өздөрүнүн кыргызча котормосу менен көркөм окушса, 2‑курс студенттери О’Генринин «Олуялар белеги» чыгармасын сахналаштырып, англисче ыр менен көрүүчүлөрдү шаңга бөлөштү; кыргыз‑түрк программасынын 2‑курс студенттери О. Генринин «Акыркы жалбырагын» англис тилинде чебер аткарып, тил жана актёрдук чеберчилигин далилдешти. Кеченин соңунда коюлган чыгармалар боюнча Kahoot‑викторина өтүп, жеңүүчүлөр сыйлыктарга ээ болушту. Зал күлкү, кубаныч жана шаӊдуу кол чабууларга толуп, таланттуу студенттерибиз бизди дагы бир жолу сыймыктандырды.