2026-03-12
2026-жылдын 10-мартында Социология бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери SOS-138 Социологиялык изилдөөлөрдүн методологиясы жана ыкмалары I сабагынын алкагында “Zerkalo Analitics Group” аналитикалык изилдөө компаниясы менен жолугушту.
Бул жолугушунун максаты – студенттерди социологиялык изилдөө компаниялары менен тааныштыруу жана телефондук сурамжылоо (CATI) кабинеттеринде иштөөнү иш жүзүндө көрсөтүү; “Zerkalo Analitics Group” аналитикалык изилдөө компаниясынын презентациясына катышуу аркылуу иш берүүчү катары бул компания менен кызматташуу: студенттердин өндүрүшүтүк практикасын уюштуруу, бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу болуп саналат.
Жолугушууда компаниянын директору Берик Кожомкулов жалпы компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасады. Андан тышкары жолугушуу учурунда студенттерге компаниянын телефондук сурамжылоо өткөрүлгөн колл борбору көрсөтүлүп, иш процесси менен тааныштырышты, жолугушуунун аягы суроо-жооп менен аяктады. Жолугушуунун жыйынтыгында бош убактысында иштөөнү каалаган студенттер үчүн бир катар сунуштар берилди.
Учурда бул компанияда бөлүмүбүздүн бүтүрүүчүлөрү Айзат Ибраева жана Айдана Карыяева эмгектенет.
.jpeg)
.jpeg)