2025-12-10


«УЛУТТУК ДЕМ -ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК» УҢГУЖОЛУ ЖӨНҮНДӨ” ЖАРЛЫК АЛКАГЫНДА МУЗЕЙ КЫДЫРУУ ИШ-ЧАРАСЫ


Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем -дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Социология бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Исаков Бактыбек жана конок окутуучу профессор Мазхар Баглы, 2025-жылдын 9-декабрында, бөлүмүбүздүн  1 жана 2 курсунун студенттери менен биргеликте, Кыргыз мамлекеттик музейинде болушту. Көпчүлүгү айылдан жаңы келген 1-2- курстун студенттери үчүн, бул коомдук иш-чара абдан жемиштүү болду. Себеби, Кыргыз элинин өтмүшүн чагылдырган тарыхый, этнографиялык жана археологиялык артефактар дүйнөсүн студенттер кыдырып,  алар менен жакындан таанышышты. Кыргызстан аймагынан табылган эң байыркы доорго таандык археологиялык табылгалар, көчмөн доорду чагылдырган этнографиялык бай материалдык баалуулуктар, Кыргыз элинин отурукташуу процесси, Советтик доордун башталышы, Ата Мекендик Согуш жылдары, сыяктуу көптөгөн тарыхый доорлорду чагылдырган кыргыз улутунун баалуулуктары, окуучуларын ан-сезиминде өтмүшкө сапар тартып барып келгендей терен из калтырды.