2025-12-01


Ислам илимдерин тарыхы жана профессор Фуат Сезгин" аталышындагы семинар болуп өттү


Проф. Др. Мазхар Баглы семинарында бүгүн Батышка таандык делген көптөгөн илимий ачылыштардын жана технологиялык жаңылыктардын түпкү булактарында мусулман аалымдары турганын баса белгиледи. Агайдын айтымында, Батыштын көптөгөн окумуштуулары тарыхта Чыгыштан алган билимдерин жана ыкмаларын ачык айтышкан эмес, бирок заманбап илимдин негиздери олуттуу деңгээлде ислам дүйнөсүнүн илимий мурасына таянат. Семинарда Эл-Жазари, Али Кушчу, Пири Рейс, Ибн аль-Хайсам сыяктуу аалымдардын дүйнө илим тарыхына кошкон чоң салымдары мисалдар менен түшүндүрүлдү. Проф. Баглы Ислом илимий салтынын өзгөчөлүгүн, көлөмүн жана Батыш цивилизациясынын калыптанышындагы көрүнбөй калган таасирин кайра эске салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.