2025-04-22


Балдар үйүнө кайрымдуулук иш-чарасы


2025-жылдын 12-апрелинде Социология бөлүмүнүн студенттери Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Социалдык өнүгүү департаментинин алдындагы “Кыйын турмуштук кырдаалда калган балдар үчүн «Акниет» борбору” муниципалдык мекемесинде кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чаранын алкагында студенттер балдар үйүнүн ички жана сырткы аймагын тазалап, жыйноо иштерин жүргүзүштү. Айрыкча, Кыргыз-Түрк Манас университетинин жетекчилиги тарабынан көрсөтүлгөн материалдык жардам — А4 форматындагы 5 таңгак ак кагаз, балта, балка, чот, тырмоок, шыпыргы сыяктуу короо-жайды тазалоочу шаймандар жана башка керектүү буюмдар – аталган борборго жеткирилди.

Балдар үйүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери студенттер менен биргеликте иш жүргүзүп, эскерүү иретинде чогуу сүрөткө түшүштү. Иш-чаранын соңунда алар студенттерге терең ыраазычылыгын билдирип, мындай демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.