2025-12-09


Бүткүл дүйнөлүк философия күнү белгиленди!


2025-жылдын 20-ноябрында Гуманитардык факультеттин философия бөлүмү Бүткүл дүйнөлүк философия күнүнө карата программа уюштурду.  Эмил Айбашов  "Аң-сезим маселесине заманбап мамиле: Панпсихизм", Хамди Гүнсевен "Локализм, этика жана келечектин коому", Айжамал Шайлообекова "Жашоонун образы катары минимализм" темасында баяндама жасашты. Программада философиялык учкул сөздөргө, ырларга жана талкууларга орун берилди. Аталган иш-чарага бөлүмдүн мугалимдери жана окуучулары катышты.