2025-05-22


Ак жол, бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү!


2024-жылдын 16-майында Философия бөлүмүнүн студенттери тарабынан 4-курстун студенттери үчүн салттуу болуп келе жаткан "Ак жол, бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү!"  аттуу программа уюштурулду. Программага философия бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышышты. Философия бөлүмүнүн башчысы ф.и.д.,проф. Жамгырбек Бөкөшов  жана 4-курстун куратору ф.и.д.,проф. Жылдыз Урманбетова бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрүнө  жакшы кеп-кеңештерин, каалоо-тилектерин айтышты. Мугалимдер да бүтүрүүчүлөргө каалоо тилектерин айтышты. Программа студенттер тарабынан даярдалган оюн-зоок  менен коштолду.