2025-03-26
Кафедрабыздын окутуучусу, философия доктору (PhD) Абдирашит Бабатаев 2025-жылдын 20-мартында «Заманбап дин философиясынын негизги көйгөйлөрү» аттуу семинар берди. Семинарда жалпысынан азыркы дин философиясынын фундаменталдык көйгөйлөрү тууралуу сөз кылгандан кийин, дин тили маселесине кеңири токтолду. Дин тили маселесинин жалпы философияда, өзгөчө дин философиясында кандай каралып жатканын тарыхый көз караш алкагында талдоого алды. Семинарга кафедрабыздын окутуучулары жана студенттери катышты.