2025-03-19
2025-жылдын 6-мартында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультеттин философия бөлүмүнүн семинарларынын алкагында бөлүмдүн окутуучуларынан PhD, доц. Барыш Мутлу «Санариптик заманбап кибер даанышмандыгы/кибер фронез: Изгилик этикасына негизделген окуу» аттуу темада баяндама жасады. Мутлу санариптик доордо, өзгөчө технология жашообуздун бардык тармагында орун алган мезгилде акылдуу чечимдерди кабыл алуунун эмне үчүн зарыл жана маанилүү экенин талкууга алды. Анткени санариптик доордун көптөгөн оң жактарынан тышкары олуттуу терс кесепеттерди да алып келген тобокелчиликтери бар. Бул жагдайдан улам биздин чечимдерибиздин жана тандоолорубуздун табиятын түшүнүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады. Мутлу ушул сыяктуу маселелерди талкууга сунду жана баа берди.