2025-02-14


Семинар: Заманбап глобалдуу дүйнөдө маданияттын табияты жана келечеги


2025-жылдын 13-февралында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультеттин философия бөлүмү тарабынан даярдалган «Заманбап глобалдуу дүйнөдө маданияттын табияты жана келечеги» аттуу семинар болуп өттү. Бул семинарда ф.и.д., проф. Жылдыз Урманбетова ааламдашуу процессинин маданиятка тийгизген таасири, маданий өзгөрүүлөр, жана ааламдашуунун алкагында Кыргызстандагы айрым маданий көйгөйлөргө токтолду. Семинарга бөлүмдүн  профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.



Dosya 1