2024-11-27


Бүткүл дүйнөлүк философия күнү


Бүткүл дүйнөлүк философия күнү

2024-жылдын 21-ноябрында Гуманитардык факультеттин философия бөлүмү Бүткүл дүйнөлүк философия күнүнө карата “Заманбап ааламдашууда адамдын орду” аттуу тегерек стол өткөрдү. Аталган иш-чарага бөлүмдүн мугалимдери менен окуучулары катышты.

 

4-курстун студенттеринен Байзакова Назик “Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү адамдын орду”,  Болотбекова Жамийла “Заманбап адамдын глобалдуу дүйнөдөгү орду”, Сулайманова Бегайым “Азыркы замандын психологиялык кризиси: жатыркоо жана жалгыздык”, Шайбекова Зарина “Адам жана социализация: адамга коом керекпи?” аттуу темалардын үстүндө ой жүгүртүүлөрү менен бөлүшүштү.  Баяндмалардын соңунда кызуу талкуу болуп өттү.



Dosya 1