2024-11-27
Ф.И.Д., ПРОФ. ЖАМГЫРБЕК БӨКӨШОВДУН 70 ЖЫЛДЫК МААРЕКЕСИ
2024-жылдын 11-ноябрь күнү Гуманитардык факультеттин философия бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери бөлүм башчысы ф.и.д., проф. Жамгырбек Бөкөшовдун 70 жылдык мааракесин белгиленди. Агайдын маарекесин бөлүмдүн профессору ф.и.д. Жылдыз Урманбетова уюштурду. Комуз черткенди, элдик ырларды ырдаганды жакшы көргөн агайыбызга бөлүм тарабынан комуз жана калпак белекке берилди. ф.и.д., проф. Жылдыз Урманбетованын модераторлугунда бөлүмдүн студенттери Бөкөшовдун эмгектеринин негизинде презентацияларды жасашты. Бул презентациялар агайдын кыргыз философиясы менен маданиятындагы оңой менен толтурулбай турган ордун дагы бир жолу көрүүгө мүмкүндүк берди. Бөлүмдүн профессору, философ, даанышман, ак сакал агайыбызды туулган күнү менен дагы бир жолу куттуктап, жылдар бою арабызда, жакындары менен болушун каалайбыз. Туулган күнүңүз менен агай...
Философия бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери