2025-05-12
"Манас" КТУнун орус тили жана адабияты программасынын ага окутуучусу Наталья Янкын Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин (Алматы) Чыгыш таануу факультетинин түркология жана Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында болду.
Сапардын жүрүшүндө казакстандык кесиптештер окуу процессин уюштуруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттерди даярдоонун багыттары жана ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары тууралуу айтып беришти. Биз билим берүү жана академиялык мобилдүүлүк жаатында кызматташууну чыдамсыздык менен күтөбүз.