2025-12-03
КТМУ Адабият факультетинин Филология бөлүмүнүн Кытай тили жана адабияты программасынын студенти Келсинбекова Айтегин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин негиздөөчү ректору, профессор Карыбек Молдобаев атындагы стипендияга татыктуу болду. Биз студенттибизди бул маанилүү жана сыймыктуу жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана анын окуу менен кесиптик жолунда мындан ары да ири ийгиликтерди багынта беришин каалайбыз!