2025-04-19


Биздин студенттердин Бишкек мамлекеттик университетинин лингвистика конференциясындагы ийгилиги


Англис тили жана адабияты программасынын 4-курсунун студенттери 2025-жылдын 17-апрелинде К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде өткөн «Лингвистика жана маданият аралык байланыштын актуалдуу көйгөйлөрү» аттуу эл аралык студенттик илимий-практикалык конференцияда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкендигин кубануу менен жарыялайбыз.

Биздин бөлүмдүн конференцияга катышкан бардык студенттери мыкты  баяндамаларды жасап, конференциянын уюштуруучулары жана катышуучулары тарабынан жогору баага татыктуу болду. Айрыкча Арууке Жаныбекованы конференциянын пленардык отурумунда баяндама жасоо укугуна ээ болгондугу менен куттуктайбыз. Бул жетишкендик биздин студенттер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөтөт.

Ошондой эле секциялык иштерде кызыктуу баяндамалары үчүн биринчи орунга татыктуу болгон  Адель Ездаулет жана Азиза Нурбекова, жана үчүнчү орунду алган Урматай Равшанбек кызы менен дагы сыймыктанабыз.

Биздин таланттуу студенттерди татыктуу жетишкендиктери менен дагы бир ирет куттуктайбыз. Алардын ийгилиги биздин бөлүм үчүн чоң сыймык, жана  башка студенттерге академиялык артыкчылыкка умтулууга дем берет.