2025-04-18


Таза дүйнө ар бирибизден башталат!


2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Филология факультетинин студенттери айлана-чөйрөнү тазалоо иш-чарасына чыгышты. Иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулар курамы жана Филология бөлүмүнүн башчысы, профессор, филология илимдеринин доктору Бурул Сагынбаева да активдүү катышты.

Жамааттык эмгек, достук маанай жана таза аба — бул күндү өзгөчө маанилүү кылып, катышуучуларга жакшы маанай тартуулады. Бул иш-чара дагы бир жолу таза дүйнө ар бирибизден башталаарын далилдеди!