2026-06-09
20-24 май күндөрүндө Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) КР Оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Кубогу болуп өттү.
Кыз-келиндер арасында 86 кг чейинки салмак даражасында Бегимай Чолпонбаева жаркын жыйынтык көрсөттү. Өжөрлүк жана курч күрөштүн жыйынтыгында ал жалпы 152кг көтөрүп 1-орунду багындырып, республиканын чемпиону аталды.
Мелдеште көрсөткөн жогорку көрсөткүчү спортчуга «Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер» (СЧТ) ченемдерин расмий түрдө аткарууга мүмкүнчүлүк берди

.jpeg)