2026-03-17


Проф. др. Йүжел Өксүз Манас радиосундагы “Ифтарга карай” программасына конок болду


Педагогика бөлүмүнүн башчысы проф. др. Йүжел Өксүз 2026-жылдын 5-мартында Манас радиосунда Рамазан айына карата даярдалган “Ифтарга карай” программасына конок катары катышты.

Программанын алкагында проф. др. Йүжел Өксүз «Орозонун эмоционалдык жөнгө салууга жана психологиялык туруктуулукка тийгизген таасири» темасын талкуулады. Ошондой эле орозо ибадатынын адамдын сабырдуулук, өзүн-өзү көзөмөлдөө жана стресс менен күрөшүү жөндөмдөрүнө тийгизген оң таасирлерине токтолуп, бул боюнча өз ойлорун угармандар менен бөлүштү.