2026-02-01


ЭЛ АРАЛЫК ОКУУ КИТЕБИНИН ЖАРЫК КӨРҮШҮ


Педагогика бөлүмүнүн окутуучусу, др. Кадиян Бообекованын Өзбекстан Республикасынын Билим берүү, илим жана демилгелер министрлигине караштуу Фергана мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин Психология бөлүмүнүн окутуучулары доц. др. Мухаббат ЗАКИРОВА жана Ph.D. Гүлбахор Пулатова менен биргеликте жазган «BOLALAR PSIXOLOGIYASI» (Бала психологиясы) аттуу окуу куралы жарык көрдү.

Китеп Фергана мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2025-жылдын 2-июнундагы №2 токтому жана уруксаты менен ФМУ басмаканасында басылып чыккан. Окуу куралы мектепке чейинки билим берүү жана психология бөлүмүнүн студенттери үчүн наристелик, эрте балалык жана мектепке чейинки курактагы балдардын физикалык, интеллектуалдык, психологиялык, психомотордук, тилдик жана социалдык өнүгүүсү, өзгөчөлүктөрү, ошондой эле аларга кандай билим, көндүм жана жүрүм-турумдарды калыптандыруу керектиги тууралуу жазылган. Мындан сырткары, балага жана үй-бүлөгө багыт берүү (кеңеш берүү) маселелери да камтылган.

Др. К. Бообекованы бул ийгилиги менен куттуктап, мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалайбыз.